Европолдун маалыматына ылайык, жасалма визалар менен паспорттор 3 жарым миң долларга бааланып, Евробиримдик, Африка, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнө таратылган.
Грекия полициясы маалымдагандай, кылмыштуу топтор адамдарды чек аралардан мыйзамсыз алып өтүү менен да шугулданышкан.
Европол ырасташынча, криминалдык түйүндун борбору Афиныда жайгашкан. Кылмыштуу топтун бирин Судандын, экинчисин – Бангладештин жарандары жетектеп турган.
Эки топ тең мигранттар үчүн жасалма паспортторду, шенген визаларын, айдоочу күбөлүктөрдү, каттоо күбөлүктөрүн даярдоо менен алектенген.