Ссылки доступа

Астанада террорчулукка каршы конференция өтүүдө


Астанада “Диндер террорчулукка каршы” аталышта эл аралык конференция өтүүдө. Анда 40 өлкөдөн келген ондогон делегация катышууда.

Иш-чараны ачып жатып, Казакстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин атынан келген телеграмманы окуп берди.

Төрага террор коркунучуна “адамзат цивилизациясынын мыкты консолидациясы гана жападан-жалгыз жооп” болушу мүмкүн деп билдирди. Мындан тышкары коомчулук менен ММК диний ажырымды жайылтуунун алдын алуу үчүн этика ченемдерин түзүп, жайылтууга тийиш экенин кошумчалады. Ошондой эле жакырчылыкты, ачарчылыкты жана эпидемияны түп-тамырынан жок кылуунун маанилүү экендигин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG