Ссылки доступа

Эрдоган Орусия менен мамилени жакшыртууга ниеттенет


Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусия менен алаканы жакшыртуу ниетин жарыялады. Бирок Москванын биринчи кадамды Түркия жасашы керек деген позициясына түшүнбөй жатканын билдирди.

Эрдоган бул тууралуу 31-майда журналисттерге маалымат берген учурда айтып, Орусия “өз учкучунун катачылыгынан” кийин Түркия менен мамилесин үзгөнүнө токтолду:

"Орусия президенти Владимир Путин менен мамилебиз такыр башка деңгээлде болчу. Биз достук алаканы туу туткан мамлекеттер элек. Бир учкучтун жаңылыштыгы жана туура эмес кадамы үчүн алаканын бузулганына тынчсызданып жатабыз", - деди Эрдоган.

2015-жылдын ноябрында Сирия менен чек арада түркиялык аскерий-аба күчтөрү орусиялык учакты атып түшүргөндөн кийин эки өлкө ортосундагы мамиле кескин начарлап кеткен. Окуядан кийин Орусия Түркияга каршы экономикалык санкцияларды киргизип, эки тараптуу сооданын көрсөткүчтөрү төмөндөгөн.

Түркия учак өз аба мейкиндигин бузгандан кийин атып түшүрүлгөнү айтып келет. Москва болсо муну четке кагууда. Буга чейин орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн карым-катышын калыбына келтирүү үчүн Түркия биринчи кадам ташташы керектигин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG