Ссылки доступа

Порошенконун оффшордогу эсептери жөнүндөгү маалымат текшерилбейт


Украинанын Жогорку Радасы Петр Порошенконун оффшордогу эсептери жөнүндөгү маалыматты иликтөө үчүн комиссия түзүүдөн баш тартты.

Украин парламентинин сайты кабарлагандай, керектүү 226 добуштун ичинен 108 “макул” алтоо “каршы” деген пикирин билдирди. Дагы 115 депутат добуш берген жок.

"Батькивщина" фракциясынын өкүлү Надежда Савченко Жогорку Раданын депутаттарынан “тобо келтирип элден кечирим суроого" чакырды. Анын айтымында, Порошенконун, украин Улуттук банкынын башчысынын, каржы министринин жана башка жогорку даражадагы аткаминерлердин оффшордук эсептерин текшерүү – азыркы бийликтин калк алдында жасай турган биринчи иши. Жогорку Раданы ал “Титаникке” салыштырды. Анын пикиринде, эгер эл өкүлдөрү "ашыгын" бербесе, эл алардын түбүнө жетет.

Апрелде Иликтөө журналисттеринин эл аралык консорциуму Порошенконун бизнеси 2014-жылы Британиянын Виргин аралындагы оффошордо катталганы жөнүндөгү маалыматты таркаткан. Украин президенти бизнесин сырттан башкартууга өткөрүү үчүн ушундай кадамга баргандыгын айткан.

XS
SM
MD
LG