Ссылки доступа

Ишкер Сергей Полонский Москвадагы абакта үйлөндү


Турак-жай көз боёмочулугу менен алектенгендиги үчүн камакка алынган Mirax Group компаниясынын мурдагы башчысы, ишкер Сергей Полонский, Ольга Дерипаско менен баш кошту. Үйлөнүү үлпөтү Москвадагы "Матросская тишина" тергөө абагында өттү. Бул туурасында Дерипаско Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Түбөлүккө кол кармашууну Полонский болочок түгөйүнө сотто сунуштап, кагаздан шакек берген. Никени каттоо учурунда Ольга Дерипаско күйөөсүнүн фамилиясын алды. Ал өмүрлүк жолдошунун эркиндиги үчүн аягына чейин күрөшө тургандыгын билдирди.

24-майда Полонскийдин жазасын жумшартуу өтүнүчү колдоо тапкан эмес.

Полонский Камбоджадан 2015-жылдын май айында кайтарылган. Аны "Матросская тишина" тергөө абагына жайгаштырышкан. Ишкер "Кутузовская миля" турак-жай комплексин курууда ири көз боёмочулукка баргандыгы үчүн айыпталууда. Ал күнөөсүн моюнга албай келет.

XS
SM
MD
LG