—Алатоо районунун акимчилиги тургундарды мейманканаларга жайгаштырды. Мындан аркы кадамдар комиссиянын иликтөөсүнөн кийин белгилүү болот,— деди Рысбаев.
Кечээ түнү, 1-июнда, Алгабас-6 кичирайонунун 1/136 үйүнүн жашоочулары авариялык абалдан улам көчүрүлгөн. Соңку айларда тынымсыз жааган жамгырдын айынан турак-жайдын тегерегине суу топтолуп, натыйжада имараттын бир ыптасы кыйшайып кеткен.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул үй өткөн жылы эле колдонууга берилген.