Ссылки доступа

Германияда теракт жасоого шектелген сириялыктар камакка алынды


Германияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышы бар жана Дюссельдорф шаарында ири масштабдуу теракт жасоону пландаштырган деген шек менен үч сириялык жаран камакка алынды.

Салех А. Аттуу алардын төртүнчү шериги 1-февралда Парижде өз ыктыяры менен колго түшүп берген соң, бул кылмыштын алдын алууга мүмкун болду.

А.Салехти суракка алгандан кийин сириялыктарга каршы далилдери топтоо үчүн төрт ай убакыт керектелген. Салех А. азырынча Парижде камакта, Германия аны экстрадициялоого аракет кылууда.

Бул убакка чейин Германияда Бельгия, Франция, Испания жана Улуу Британиядагыдай ири теракттар жасалган эмес. Бирок былтыртан бери бул өлкөгө жүз миңдеген мигрант келип жаткандыктан, ал аялуу абалдагы өлкө катары каралууда.

XS
SM
MD
LG