Ссылки доступа

Столтенберг: НАТО Орусия менен конфронтацияга умтулбайт


Түндүк атлантикалык альянс Чыгыш Европадагы турумдарын бекемдөө менен Орусия менен конфронтацияга умтулган жок. Бул туурасында НАТОнун баш катчысы  Германиядагы сапары учурунда билдирди.

“Биз жамааттык коргонууну жаңжал жаратуу үчүн эмес, жаңжалга жол бербөө үчүн чыңдап жатабыз”,- деди Столтенберг Берлиндеги пресс-конференцияда.

Баш катчы белгилегендей, НАТО Орусия менен “жаңы кансыз согушту” эмес, “кыйла конструктивдүү мамилени” көздөйт.

Берлинге чейин 30-майда Варшавада болгон учурунда Столтенберг НАТОнун июлдагы саммитинде чыгыш флангды чыңдоо маселеси караларын билдирген.

Столтенбергдин айтымында, “Варшавадагы саммиттен соң Польшада НАТО аскерлеринин саны көбөйөт, бул Польшага кол салуу бүткүл альянска кол салуу катары караларын ачык ишара кылуу үчүн жасалат”.

XS
SM
MD
LG