Ссылки доступа

Түркия Германиядагы элчисин чакыртып алды


Германиянын төмөнкү палатасы  өткөн кылымдын башында армяндардын Осмон империясы тарабынан массалык түрдө кырылышын геноцид катары тааныган символикалык резолюцияны кабыл алган соң, Түркия Берлиндеги элчисин чакыртып алды.

Өткөн кылымдын башында 1,5 миллионго чейинки сандагы армяндардын кырылышын буга чейин кеминде 20дай өлкө геноцид катары тааныган.

Түркия болсо мындай аныктамаларга караманча каршы чыгып, армяндар Осмон империясынын эмес, Биринчи Дүйнөлүк согушка байланышкан толкундоолордун курмандыгы болгонун айтып келет.

Талдоочулар резолюциянын дал азыркы учурда кабыл алынышы Түркия менен Евробиримдик ортосунда качкындар боюнча келишимдин аткарылуусун дагы татаалдаштырышы мүмкүндүгүнө көңүл бурушууда.

Ал эми президент Режеп Тайып Эрдоган атайын тиешелүү билдирүү менен чыгып, Германия парламенти кабыл алган резолюция Түркия менен Германия алакасына олутуу таасир тийгизерин айтты.

XS
SM
MD
LG