Анын жактоочусу Оксана Михалкина маалымдагандай, бул ирет аны террордук ишмердүүлүккө ачык-айкын чакырык жасаган деп айыпташууда. Тийиштүү кылмыш иши ушул жылдын мартында козголгон.
2013-жылы Квачков жаза мөөнөтүн катаал режимдеги колонияда өтөө менен 13 жылга кесилген. Кийинчерээк Орусиянын Жогорку соту бул мөөнөттү 8 жылга чейин кыскарткан. Былтыр Москва шаардык соту ал жетектеген “Минин менен Пожарскийдин элдик кошууну” аттуу уюмду экстремисттик деп тапты.
Квачков Анатолий Чубайсты өлтүрүүгө аракет кылууга байланышкан иш боюнча да айыптуу деп каралып, бирок эки ирет акталып чыккан.