Ссылки доступа

Астанада «Таблиги жамааттын» мүчөсү тогуз айга кесилди


Казакстанда тыюу салынган «Таблиги жамаат» диний уюумуна тиешеси бар делген Астана шаарынын тургуну Мурат Такаумов тогуз айга түрмөгө кесилди.

Сот Такаумовду күнөөлүү деп таап, «бул иш боюнча буюм далилдери бар экендигин” айтты. Ошондой эле буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинде сакталып турган дисктер, видеотасмалар жок кылына тургандыгын маалымдады. Такаумов жаза мөөнөтүн жатак колонияда өтөмөкчү. Андан соттук чыгымдардын ордун толтуруу үчүн 31 миң теңге өндүрүлөт.

Мурат Такаумов соттун чечимине макул эместигин билдирди.

Бардык отурумдарга катышып келе жаткан анын энеси бул чечимге каршы арыз бере тургандыгын айтты. Ал өкүм адилет болбой калды деп эсептейт.

«Таблиги жамаатка» Казакстанда тыюу салынган. Ал 2013-жылдын февралында Астананын соту тарабынан экстремисттик уюм деп таанылган.

XS
SM
MD
LG