Ссылки доступа

Кыргызстан министрлик менен мекемелердин санын кыскартат


Кыргызстандын өкмөтү министрлик менен мекемелердин санын кыскартат. Премьер-министрдин тийиштүү буйругу расмий сайтта жарыяланган.

Маалыматка ылайык, мындай чечим министрликтердин, административдик мекемелердин жана башка уюмдардын штаттык санын оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик аппаратка кеткен чыгымдарды кыскартуу максатында кабыл алынган.

Бул ишти өткөрүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлөт. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ашыкча орун басарлык кызматтары жоюлат. Азыр өкмөттө 12 министрлик, 2 комитет жана 25 административдик мекеме бар.

XS
SM
MD
LG