Ссылки доступа

ШКУ саммитинин алдында Ташкентте паспорттук көзөмөл күчөтүлдү


Ташкентте 23-24-июнда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин утурлай шаарда коопсуздук чаралары кескин күчөтүлдү.

Саат кечки тогуздан кийин паспорту жана өзбек баш калаасында каттоосу жок жарандарга тартип сакчылар 60 доллардан айып пул салууда. Ташкенттик студент “Азаттыктын” өзбек кызматы менен баарлашып, бир айдан бери шаардын тургундары паспорту жок ээн-эркин жүрө албай калганын билдирди.

Ташкентте убактылуу жашаган Өзбекстандын айрым облусунун тургундарынын айтымында, паспорту же каттоосу жок атуулдарды 15 суткага камап, же шаардан чыгып кетүүгө мажбурлап жатышат.

Борбор калаанын дүкөндөрүнүн биринде иштеген сурхандарыялык Орал аттуу адамдын билдиришинче, ташкенттиктер болбор-болбос иш үчүн көчөөгө чыкса дагы колдоруна паспорт көтөрө жүрүүгө аракет кылышууда.

Өзбекстанда дээрлик бир жылдан бери саммитке даярдык көрүлүүдө. Ташкент, Бухара, Самарканд жана Ургенч жогорку окуу жайларында сабактар 20 күнгө кыскартылды, 10-июнга чейин студенттер үчүн эс алуу жарыяланды. Ташкенттин борбордук көчөлөрүндө 28-29-майда унааладын жүрүшүнө чектөө киргизилди.

XS
SM
MD
LG