Ссылки доступа

Тажикстанда мектеп окуучулары кайрадан ууланды


Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон айылындагы мектептин дагы 20 окуучусу чымындын дарысынан ууланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жумада аталган мектептин 50 окуучусу ушундай эле жагдайга туш болгон.

Жергиликтүү чиновниктердин айтымында, бул окуядан соң 1-июндан тартып үч күндүк каникул жарыяланып, жабырланган окуучулар райондук ооруканага жеткирилген.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлагандай, окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Андан тышкары айылдын медициналык пунктунда жабырланган окуучуларга жардам көрсөтүү боюнча штаб өз ишин баштады. Абалы оор болгон окуучу Куляб шаарынын ооруканасына жөнөтүлдү.

Аталган айылдын тургуну Муртазо Сараевдин айтымында, кечээтен бери ууланган 36 окуучу медициналык текшерүүдөн өтүп, айрымдары райондук ооруканага жаткырылды.

Жабырлангандардан анализ үчүн кан алынганы менен алардын уулануу себептери так аныктала элек. Дарыгерлер балдар санэпидстанциянын чымын-чиркейлерге каршы колдонгон дарысынан ууланышы ыктымал деп жатышат. Сараевдин пикиринде, айылдын климаты анча ысык эмес жана көп чымын-чиркей деле жок. Демек, окуучулар башка химикаттан ууланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG