Ссылки доступа

Орусия авиациясы Алеппо шаарына жаңы сокку урду


Орусия жана Сириянын аскердик авиациясы куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө турган аймактарга чабуул жасады. Бул туурасында Алеппо шаарынын тургундары жана согуштук аракеттерге байкоо жүргүзгөн укук коргоочу активисттер билдиришти.

Бир эле күндө, 5-июнда, Алеппо шаарында жана анын чеке-белинде 50гө чукул абадан сокку урулган. Натыйжада 16дан кем эмес жайкын тургун набыт кеткендиги айтылууда.

Reuters агенттиги билдиргендей, куралдуу оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарга жасалган чабуул 32 кишинин өмүрүн кыйды. 18 жасатты кыйраган имараттардын алдынан алып чыгууга мүмкүн болду.

Жергиликтүү мамлекеттик ММКлар болсо 20дан кем эмес адам көтөрүлүшчүлөрдүн курмандыгы болгондугун жарыя кылды.

Алеппо – Түркия менен чек аралаш жайгашкан шаар. Ал экиге бөлүнүп калган. Калаанын айрым аймактарын өкмөттүк аскерлер көзөмөлгө алса, калган бөлүгү –куралдуу оппозициянын колунда.

XS
SM
MD
LG