Ссылки доступа

Тажикстандык эки балбан Олимп оюндарына жолдомо утту


Тажик балбандары – Комроншох Устопириён жана Мухаммадмурод Абдурахмонов Рио-де-Жанейродо өтө турган Жайкы Олимп оюндарына катышуу укугуна ээ болушту.

Эл аралык дзюдо федерациясы маалымдагандай, дүйнөдөгү 278 балбандын ичинен Комроншох Устопириён 11-орунду багындырып, Олимпиада-2016га жолдомо утуп алды.

Кийинки тажик спортчусу Мухаммадмуров Абдурахмонов Дүйнөлүк Олимпиада рейтингинде 100 килограммдан жогорку салмактагылар арасындагы 188 балбандын ичинен 48-орунга татып, оюнга континеталдуу квота менен катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Рио-де-Жанейродо баардыгы болуп 386 дзюдочу катышат. Алардын ичинен 161и эркек,105и аял. Калган 100 дзюдо чебери континенталдуу квалификациянын негизинде оюн көрсөтөт.

Олимпиада-2016га тажик спортчуларынын арасынан алгачкы жолдомону Дилшод Назаров жеңип алган. Ушул күнгө карата Рио-де-Жанейродогу таймаштарга катышуу укугуна үч тажик спортчусу ээ болду

XS
SM
MD
LG