Ссылки доступа

Донецкте Лениндин эстелиги талкаланды


Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк облусунун Макеевка шаарында белгисиз адамдар Лениндин эстелигин талкалап салышкан.

Укринформ маалымдагандай, эстелик бырчаланып талкаланган. Болгону Ленин айкелинин буттары гана бүтүн калган.

Күбөнүн айтымында, талкаланган эстелик таң эрте тасма менен айланта курчалды. Былтыр кышында белгисиз адамдар айкелге сары жана көк сырды жаба куюп кетишкени маалым.

Ленин статуясынын бийиктиги үч метрге жакын. Ал эки метрлик постаментке орнотулган.

2015-жылдан тартып Украинада декоммунизация жөнүндө мыйзам ишке киргизилген. Ага ылайык, Ленинге тургузулган эстеликтер алынып салынышы керек. Бирок Киевге баш ийбеген аймактарда аларды алып салуу аракеттери байкалбайт.

XS
SM
MD
LG