Ссылки доступа

Казакстанда белгилүү ишкер бийликти тартып алууга аракеттенген деп айыпталууда


Казакстандын атайын кызматы белгилүү ишкер Тохтар Тулешов мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн деп билдирди. Бул туурасында  Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын өкүлү Руслан Карасев маалымдады.

"Тергөө маалыматтарына ылайык, Тулешов мырза атайын даярдык көрүп, былтыркы жылдан тартып бийликти күч менен тартып алуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасап баштаган. Ал ар кандай нааразычылык акцияларын жана баш-аламандыктарды уюштуруу, коомдо чыңалууну жаратуу аркылуу өлкөдөгү туруктуулукка доо кетирүүнү пландаган”, - деп билдирди Карасев.

«Шымкентпиво» компаниясынын кожоюну Тохтар Тулешов январь айынын аягында кармалган. Ал кылмыштуу топтун ишин каржылаган жана баңгизаттарга байланышы бар деп айыпталып, камакка алынган. Тулешов ошондой эле «Террордук коркунучтарды талдоо борбору» коомдук уюмун жетектеген.

Карасаевдин айтымында, Тулешов “альтернативдүү өкмөт” куруп, азыркы бийликтин түзүмүн өзгөртүүгө белсенген.

Тулешовдун шериктери болушу ыктымал делген бир катар адамдар да кармалып, тергөө абагына отургузулду. Алардын катарында Казакстандын Башкы прокурорунун мурдагы биринчи орун басары Ильяс Бахтыбаев, Түштүк-Казакстан облусунун ички иштер департаментинин мурдагы жетекчиси генерал-майор Доскалиев да бар. Андан тышкары, аталган дубандын Ички иштер департаментинин жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары жана Коргоо министрлигинин “Түштүк” аймактык командачылыгынын эки командири да кармалды.

XS
SM
MD
LG