Ссылки доступа

«ВКонтакте»: колдонуучулардын маалымат базасына эч ким кол салган эмес


Орусиялык «ВКонтакте» социалдык түйүнү өз колдонуучуларынын маалымат базасына кол салуу болгондугун төгүндөдү.

Түйүндүн басма сөз катчысы Евгений Красниковдун билдиргенине караганда, кол салуу болгон эмес. Аккаунттардын сатылышы жөнүндөгү маалыматта эски окуя жөнүндө сөз болгон.

Буга чейин Peace деген каймана аты бар хакер «ВКонтакте» түйүнүндөгү 100 миллиондон ашуун аккаунттун маалыматын уурдап алып, санариптик технологиялардын көмүскө базарына сатыкка алып чыгыптыр деген кабар тараган. Уурдалган маалыматта колдонуучулардын логини, сыр сөзү, телефон номерлери жана электрондук даректери көрсөтүлгөн.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, маалымат базасы 2011-2013-жылдар аралыгында уурдалган. Аны хакер бир биткоинге (580 долларга жакын) баалаган.

Буга тиешеси бар колдонуучулардын бардыгы логин менен сыр сөздөрүн алмаштырууга мажбурланган болчу.

LeakedSource сайты алынган сыр сөздөрдү талдап чыгып, жыйынтыктарын жарыялаган. Ага ылайык, бир жарым миллиондон ашуун колдонуучу «123456», “qwerty» же «11111» сыяктуу эң эле жөнөкөй паролдорду пайдаланган. Маалыматта «ВКонтакте» түйүнүнүн сыр сөздөрдү сактоо ыкмалары заманбап стандарттарга туура келбейт деп айтылат.

XS
SM
MD
LG