Ссылки доступа

Петербургда «Кадыров көпүрөсүнө” каршы митинг өттү


Петербургдагы Марс талаасында миңге жакын адам көпүрөгө Ахмат Кадыровдун ысымын беүүгө каршылыгын билдирип митингге чогулушту.

Уюштуруучулар - депутат Максим Резник жана Ольга Галкинанын өтүнүчү менен акция жалпы жарандык форматта, саясий символикасыз өткөрүлдү. Болгону Орусия менен Петербургдун желектерин гана колдонушту.

Активисттер Дудергоф каналына салынган көпүрөгө Кадыровдун ысымын ыйгаруу сунушун жокко чыгарууну талап кылышты.

Митинг алдында шаардыктарга кайрылуу таркатылды, анда: "Бул чечендерге каршы митинг эмес, улутчулдук жөнүндө сөз да жок. Бул – Петербург жашоочуларынын пикирине кулак салгысы келбегендерге каршы митинг. Эгер бийлик Ахмат Кадыровго сый-урмат көрсөткүсү келсе, анын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар объектиге же кайсы бир мечитке ысымын берсе болмок”, - деп айтылган.

Ахмат Кадыров - Чечен республикасынын тун президенти, Рамзан Кадыровдун атасы. Ал 2004-жылы көз жумган.

XS
SM
MD
LG