Ссылки доступа

Ооганстанда америкалык журналист жана котормочу окко учту


Ооганстанда АКШнын Улуттук коомдук радиосунун журналисти Дэвид Жилки жана анын котормочусу Забиулла Таманна Гилменд аткылоого дуушар болуп, набыт кетишти.

Кол салуу жекшемби күнү Маржа шаарына жакын Гилменд провинциясында болгон.Журналист жана котормочу ооган аскерлери менен автоунаада бараткан учурда кол салууга кабылган. Жилкинин жанында дагы эки кесиптеши бар болчу, алар жабыркашкан эмес.

Радиостанциянын вице-президенти Майкл Орескес Гилки Ирак жана Ооганстандагы согушту чагылдырган фотограф, видео редактор болгонун белгиледи. 50 жаштагы Гилки Жорж Полктун жана 2015-жылы барктуу улуттук Эмми сыйлыгына татыган биринчи мультимедиалык журналист болчу.

38 жаштагы Таманна Синьхуа жана Анадолу маалымат агенттиктери менен кызматташкан эркин журналист, фотограф эле. 2001-жылы Кошмо Штаттар Ооганстанга киргенден бери 26 журналист өлтүрүлгөнүн Журналисттерди коргоо комитети мааалымдады.

АКШ 2001-жылы Ооганстанда аскердик операция баштагандан бери бул өлкөдө 26 журналист өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG