Ссылки доступа

Актөбөдөгү атышууларда кеминде 17 адам мерт кетти


Казакстандын Ички иштер министрлиги Актөбөдөгү окуяларды “террордук акт” деп мүнөздөдү.

Расмий маалыматтар боюнча Казактандын Актөбө шаарында өткөн түнү дагы беш куралчан өлтүрүлүп, экөө камакка алынды.

Жалпысынан расмий маалыматка караганда, куралчандардын кечээги кол салуулары жана андан кийинки атайын операция учурунда 17 адам мерт болду. Алардын 11си кол салгандар, алтоо күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жайкын тургундар, булардын тышкары кеминде 38 киши жаракат алды.

5-июнь күнкү курал саткан биринчи дүкөнгө чабуул жасалып, бир сатуучу жана бир сакчы өлтүрүлгөн. Дүкөндөн ок атуучу 17 даана куралды алып кеткендер эки топко бөлүнүп, бири курал сатуучу экинчи дүкөнгө, башкасы жолдон жүргүнчү тарткан автобусту ээлеп алышып, айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү түшүргөн соң Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн дарбазасын сүзүп киришкен. Ал жердеги атышууларда үч аскер кызматчысы өлүп, алтоо жаракат алган.

Коопсуздук кызматтары Актөбөдөгү куралдуу кол салууга катышы бар жана качып кетүүгө үлгүрдү деп болжолдонгон башка 6-7 адамды издөөнү улантууда. Ал эми кармалгандар менен өлтүрүлгөндөрдүн аты-жөнү азырынча айтыла элек. Кол салууга себеп болгон жагдайлар да азырынча беймаалым.

"Казакстанды куткаруу армиясы" делген кыймыл Актөбөдөгү окуя үчүн жоопкерчиликти алгандыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG