Ссылки доступа

Орусия менен Кыргызстан төлөмсүз мунай ташуу келишимине кол койду


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында алты документке кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алардын ичинен орчундуусу - мунай ташуу боюнча макулдашуу.

Эки өлкө ортосундагы мунай ташуу боюнча келишим буга чейин сөз болуп келген. Анын алкагында Кыргызстанга ташылып келген мунай продуктуларынан төлөмдөрдү алып салуу каралган.

Жеңилдетилген шартта келген мунайзатын кайрадан башка өлкөгө реэкспорт кылууга тыюу салынат. Эгер макулдашуу бузулса, Орусия төлөмдөрү кайра киргизип коюу укугуна ээ.

Кыргызстанга кирип жаткан мунай продуктыларынын 90% Орусиядан келет. Өлкөнүн жылдык керектөөсү бир миллион тоннадан ашык.

Келишим эки өлкөнүн ортосундагы ички процедуралык маселелер бүткөндөн кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG