Ссылки доступа

Бишкек Актөбөдөгү кол салуудан кийин коопсуздук чараларын күчөттү


Өлкөнүн Ички иштер министрлиги Казакстандын түндүк-батышында жайгашкан Актөбө облусундагы куралдуу кол салуудан кийин коопсуздук чараларын күчөттү.

Өздүк курамы толугу менен күчөтүлгөн тартипте иштеп баштаганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Ал Актөбөдө террордук жана экстремисттик уюмдар жанданганын кошумчалады. ИИМ маалымдагандай, мындай чара КМШ өкмөт башчыларынын саммити маалында коопсуздукту камсыздоо үчүн көрүлүүдө.

5-июнь күнкү курал саткан биринчи дүкөнгө чабуул жасалып, бир сатуучу жана бир сакчы өлтүрүлгөн. Дүкөндөн ок атуучу 17 даана куралды алып кеткендер эки топко бөлүнүп, бири курал сатуучу экинчи дүкөнгө, башкасы жолдон жүргүнчү тарткан автобусту ээлеп алышып, айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү түшүргөн соң Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн дарбазасын сүзүп киришкен. Ал жердеги атышууларда үч аскер кызматчысы өлүп, алтоо жаракат алган.

Актөбөдөгү куралдуу кол салууга катышы бар делген 9 адам кармалды, качып кетүүгө үлгүргөн башка 6-7 адамды издөөнү улантууда. Казакстан ИИМи кылмыш диний радикалдуу топтор тарабынан жасалгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG