Ссылки доступа

Орусиялык спорт жылдызы тажик колукту издейт


23 жаштагы орусиялык бадминтон жылдызы Шохзод Худодаги Гуломзода Тажикстандан колукту издөөдө. Ошол эле убакта ал кийинки Сурдлимпиадалык мелдешке (Deaflympics) даярданууда. Бул оюндар кийинки жылдын июль айында Түркиянын Самсун шаарында өтөт.

Шохзод Гуломзода кулагы начар уккан спортчулардын абройлуу мелдешинде өзүнүн чемпиондук наамын коргомокчу. Ал бул наамды 2013-жылы Болгариянын борбор шаары Софияда өткөн Сурдлимпиадалык оюндарда багындырган.

Москванын Бадминтон федерация кеңешинин мүчөсү Евгений Исаков Шохзода Гуломзоданы Орусиянын курама командасынын үмүтү деп атап, ал Самсунда да алтын медалга ээ болоруна ишенимин билдирди.

Шохзод Гуломзода Орусияда жашап, ушул өлкөнүн намысын коргойт. Бирок анын атасы Худодаги Гуломов уулу тажик кызына гана үйлөнө тургандыгын белгиледи. “Балам өз элине жана Тажикстанга абдан берилген адам”, - дейт ал.

Худодаги Гуломов Орусияда келечектүү спортчуларга түзүлгөн шарттар Тажикстандыкына салыштырмалуу абдан жакшы экендигин белгилейт. Уулу майыптыгы үчүн 30 миң жана спорттук стипендия катары 80 миңге жакын рубль алат.

XS
SM
MD
LG