Ссылки доступа

Шойгу Казакстан менен Түркмөнстанда коопсуздук маселелерин талкуулайт


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Казакстан менен Түркмөнстанга барат. Иш сапардын максаты аймактагы коопсуздук жана экстремизмге каршы туруу маселелерин талкуулоо болуп саналат.  Бул туурасында «Коммерсантъ» жазып чыкты.

7-июнда Шойгу Астанада Казакстандын коргоо министри Имангали Тасмагамбетов менен жолугат, анда ЖККУ алкагындагы аскерий кызматташуу маселесине басым жасалат. Ал эми 8-июнда Ашхабадда Шойгу Түркмөнстандын аскерий мекемесинин жетекчиси Яйлым Бердиев менен жолугуп, коңшулаш Ооганстандагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушчандары менен күрөш жүргүзүү маселелерин талкууламакчы.

Москва Ашхабадга ооган-түркмөн чек арасын коргоодо эки өлкөнүн аскерий мекемелеринин ортосундагы аракеттерди координациялоону күчөтүүнү сунушташы ыктымал. Аталган чек ара 700 чакырымга созулат.

Бул Шойгунун 2012-жылы министр болуп дайындалгандан берки Түркмөнстанга алгачкы иш сапары болуп саналат.

XS
SM
MD
LG