Анын айтымында, шектүү жаран Актөбөдөн 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Кобда (Хобда) айлында колго түшкөн.
Кечээ кечинде Актөбөнүн айрым аймактарында ок атышуулар болгону кабарланган.
Кобда айлында кармалган жарандын аты-жөнү, курагы айтылган жок. Буга чейин Актөбөдөгү куралдуу кол салууга катышы бар делген сегиз адамдын колго түшкөнү маалымдалган.
5-июнда куралдуу топ эки курал саткан дүкөндү тоноп, андан соң Актөбөдөгү аскерий бөлүккө кол салган. Атышуу учурунда онго чукул адам набыт болгон. Кол салгандардын 13ү кийинки эки күн ичинде өлтүрүлгөн. ИИМ маалыматы боюнча дагы алты киши изделүүдө.