Ссылки доступа

Немис телеканалы: 500 миң доллар пара берген спортчулар допинг чырынан арылмак


Допинг колдонгон орусиялык жеңил атлетчилер 500 миң доллар төлөсө, оюнга катышуудан четтетилмек эмес.  Мындай пикирин Москванын допингге каршы лабораториясынын мурдагы жетекчиси Григорий Родченков немистердин ARD телеканалына айтып берген.

Ал билдиргендей, бул каражат Эл аралык жеңил атлетика ассоциациялары федерациясына (IAAF) берилмек.

Родченковдун ырасташынча, допинг текшерүүнүн жыйынтыктарын коомчулуктан жашыруу үчүн толтура акча жумшалган. Спортчу каражатты машыктыруучусуна берип, ал аны Эл аралык жеңил атлетика ассоциациялары федерациясына жөнөтүп турган. Бул ишке Орусия спорт министринин кеңешчиси Наталья Желанова да катышкан деп эсептейт Родченков.

Спорт министри Виталия Мутконун да допинг колдонгон спортчулардын тест жыйынтыктарын жашырууга тиешеси бар экендиги айтылууда. Көрсөтүүнүн авторлорунун пикиринде, Мутко спортчулардын Олимп оюндарына да допинг колдонуу менен даярдык көрүшкөндүгүн билген, бирок муну жаап-жашырган.

ARD алгачкы жолу Орусия спортундагы допинг колдонуу жөнүндө 2014-жылы тасма тарткан. Ал жарык көргөндөн кийин Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттигинин комиссиясы жеке иликтөө жүргүзүп, ар кыл системалуу мыйзам бузуулар болгондугун аныктаган.

Орусия Эл аралык жеңил атлетика ассоциациялары федерациясынын жетекчилиги менен өткөрүлгөн мелдештерге катыштырылган эмес. Май айынын ортосунда Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах допинг чатагынан улам Орусиянын бүткүл курама командасынын 2016-жылда Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарынан четтетилиши мүмкүн экендигин кыйыткан.

XS
SM
MD
LG