Ссылки доступа

Актөбөдөгү кол салууга шектелген 5 адам өлтүрүлдү


Казакстандын атайын кызматы Актөбөдөгү кол салууга шектелип, издөөдө жүргөн беш адамдын жок кылынгандыгын кабарлады.

Улуттук коопсузук комитетинин маалыматына ылайык, шектелген төрт адам Некрасов көчөсүндөгү батирге чабуул коюу учурунда өлтүрүлгөн.

Сүйлөшүүлөр учурунда террорчулар өз ыктыяры менен колго түшүп берүүдөн баш тартып, ок чыгарышкан. Куралдарын таштоого моюн сунушкан эмес. Атайын бөлүктүн күчү менен чабуул жасалып, батирдеги төрт террорчу жок кылынган.

Дагы бир шектүү атышуу учурунда набыт болду, коопсуздук комитетинин эки кызматкери жеңил жаракат алышты. Жай тургундарга залака тийген жок.

Актөбө облустук террорчулукка каршы күрөшүү штабы кырдаалды жөнгө салуу, калган кылмышкерлерди издөө, алардын байланыштары менен шериктерин аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.

XS
SM
MD
LG