Ссылки доступа

Францияда “Евро-2016” оюндары башталды


Францияда футбол боюнча EURO-2016 бүгүн 10-июнда старт алды. Европа мамлекеттеринин курама командаларынын беттешинин 15-айлампасына быйыл 24 мамлекет катышат. Оюндар бир ай уланат. Ага эки миллиондой көрөрман келери божомолдонууда.

EURO-2016 чемпионаты төрт жылда бир өткөрүлөт.

Франция президенти Франсуа Олланд футбол боюнча Европа чемпионаты учурунда террордук чабуулдар коркунучу бар экенин билдирген. Бирок жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, чемпионат учурунда мамлекеттин 10 шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн, ал үчүн 90 миң тартип сакчылары тартыларын билдирди.

Былтыр ноябрда Париждеги теракттан бери Европа мамлекеттеринде коопсуздукка байланыштуу чочулоолор сакталып турат.

Видео

XS
SM
MD
LG