Ссылки доступа

Сириянын курчоодо калган шаарына тамак-аш жеткирилди


Өкмөттүк күчтөр тарабынан курчоого алынган Дамасктын алдындагы Дарайя шаарына 2012-жылдан бери алгачкы ирет азык-түлүк жеткирилди. Бул туурасында Би-Би-Си кабарлайт. Калаага жума күнү тамак-аш жана дары-дармек жүктөлгөн унаалар келди.

Фран Пресс билдиргендей, убадаларга ишенбей калган шаар тургундары азык-түлүк келет деп күткөн эмес. Мындан тышкары жашоочулар тышка чыгуудан коркуп, топ-топ болуп чогулушууда.

Кызыл Чырым жана Жарым Ай эл аралык кыймылынын өкүлдөрү маалымдагандай, тамак-аш дарайялыктарга бир айга жетет.

Сирия өкмөтү 600 миң калкы бар, курчоого алынган 19 аймакка жардам жеткирүүгө уруксат берген. Бул туурасында күн мурун БУУнун качкындар маселеси боюнча чабарманы Стаффан де Мистура айткан.

1-июнда Дарайяга вакцина, дары-дармек жана тамак-аш жолдонгон.

Жаңжалдашкан тараптар макулдук бергендигине карбай, май айында гуманитардык жүк Дарайя шаарына жетпей орто жолдо калган.

XS
SM
MD
LG