Ссылки доступа

Өзбекстанда жаш прокурорлордун кыйноосунан орто жаштагы адам асынып алды


Фергана облусунун 55 жаштагы тургуну Гиёсиддин Исамиддинов прокуратура кызматкерлери тарабынан сабалган соң, өз үйүнүн багында асынып алган.

Маркум жерди мыйзамсыз сатып, 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алган деп айыпталган болчу.

Өмүрлүк жарынын айтымында, прокуратура кызматкерлери күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн жолдошун кыйнашкан.

– Күйөөм жаш балдар сабап, жасабаган ишти мойнуна алдырып, кол койдуртканын айтты. Колу-бутунда соо жери жок, көгөргөн. Тизелетип отургузуп, буттарына чапкылашкан экен. Үйгө келгенде: “Баламдай болгон жаш балдар мени байлап алып, катуу сабашты. Мага жалаа жаап, кемсинтишти”, - деп айтты. Анын бул абалын көрүп, ыйлап жибердим, - дейт Надира Салижанова.

Тергөөдөн кайтып келгенден кийин, эртеси күнү ал өз жанын кыйган. Салижанова жолдошунун өлүмүнө прокуратура кызматкерлери айыптуу деп эсептейт жана тийиштүү органдарга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабы менен кайрылды.

XS
SM
MD
LG