Ссылки доступа

 УЕФА Орусия жана Англияны Евро-2016 оюндарынан четтетүүсү мүмкүн


Футбол ассоциацияларынын европалык союзу (УЕФА) эгер Орусия жана Англиянын сүрөөнчүлөрү мындан ары дагы башаламандыктарга катышса, эки өлкөнүн футбол командаларын оюндан четтетүүсү мүмкүн.

УЕФА Марселдеги англиялык фанаттар менен кагылыштан соң орус футбол күйөрмандарына карата дисциплинардык иш козгоду. Associated Press агенттиги маалымдагандай, иш расизм, массалык башаламандыкка катышуу жана пиротехниканы колдонуу үчүн ачылган. Англиялык күйөрмандарга карата кылмыш иш ачылган жок.

Европа футбол чемпионатынын алкагында Орусия жана Англиянын курамаларынын беттешин кийинки күйөрмандардын кагылышынан 30дан ашык адам жаракат алды. 50 жаштагы британ жараны өтө оор абалда ооруканада жатат. Башаламандыкты токтотуу үчүн полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Бир нече күйөрман кармалды.

Марселдеги Орусиянын консулдугунан кармалгандардын арасында кеминде бир орусиялык жаран бар экенин билдирди.

Беттеш аяктаган соң бир нече орус күйөрманы стадиондун англис фанаттары турган бөлүгүнө барып, чыр чыгарган. Ошондой эле Англиянын желегин айрууга аракет кылышкан.

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко окуяга стадиондогу коопсуздук чараларынын начар уюштурулганы себеп болду деген пикирин айтты.

Франциянын Марсель шаарындагы Англия менен Орусиянын беттеши 1-1 менен аяктаган.

XS
SM
MD
LG