Ссылки доступа

Крымда “сыпайы адамдарга” эстелик тургузулду


Орусия аннекциялаган Крымдын Симферополь шаарында “сыпайы адамдарга” эстелик тургузулду. “Сыпайы адамдар” деп 2014-жылдын жазында Орусия Крымды аннексиялаган учурда операцияга катышкан орус аскерлери аталып келген.

Эки метрлик эстеликте аскер кийимчен адам менен колуна гүл кармаган өспүрүм кыздын айкелин көрүүгө болот. Айкел бүгүн белгиленип жаткан Орусия күнүн утурлай ачылды.

Мындай эстеликти тургузуу демилгеси Крымдын өкмөтүнүн башчысы Сергей Аксеновдун атасы, жергиликтүү парламент депутаты Валерий Аксеновго таандык.

"Баарыбыз үчүн бул адамдар Крымдын Орусияга кошулушунун тарыхый символуна айланды. Ошондой эле Орусия кыйын абалда турган мекендештерин жерде калтырбай турганын да көрсөттү. “Сыпайы адамдар” жарым аралга келиши менен крымдыктар өздөрүн коопсуз сезип, келечекке болгон ишеними артты”-деп жазды Сергей Аксенов “Фейсбуктагы” баракчасына.

Бул Крымдагы орус аскерлерине арнап тургузулган экинчи айкел. Быйыл 16-марртта Бахчысарай паркында дагы бир эстелик тургузулган эле.

2014-жылдын мартында Украинанын курамындагы Крым жарым аралын Орусия аннексиялап алган. Мындан соң Кремль менен Украина, Евробиримдик жана АКШнын мамилеси кескин бузулуп, Орусияга карата санкциялар киргизилген. Украина Крымды кайтарып аларын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG