Ссылки доступа

Гуманитардык жардам алган Дарайяны Сирия өкмөтү бомбалады


АКШ жана Франция курчоодо калган Дарайя шаарынын ач тургундарына азык-түлүк жеткирилгенден кийин бомбалоого алгандыгы үчүн Сирия өкмөтүн сындады.

Гуманитардык жардам Дарайяга 9-июнь күнү кечинде жеткирилген. Жашоочулар жана байкоочулар күбө болгондой, Сирия өкмөтүнүн аскерлери шаарды 10-июнда аткылап жана бомбалап баштаган. Алар гуманитардык жардамдын таркатылышына тоскоолдук жараткан.

Дарайяга жардам БУУ менен Сирия өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде жөнөтүлгөн.

АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер кандай жагдай болбосун, бул сындуу соккуларды жасаганга болбой тургандыгын билдирди. Себеби бул сапар чабуул элге жардам берүүгө тоскоолдук жараткан.

Алгач жардам жөнөтүүгө макулдугун берип, андан соң чабуул жасагандыгы үчүн Фрациянын ТИМ башчысы Жан-Марк Эйро Дамаскты эки жүздүүлүккө айыптады.

XS
SM
MD
LG