Ссылки доступа

Тажикстанда бийлик жектеген жактоочу каза тапты


Тажикстандын 29 жылга кесилген мурдагы экономика министри Зайд Саидовдун жактоочусу Исхок Табаров Дүйшөмбүнүн ооруканаларынын биринде жекшемби күнү кечинде каза тапты.

Анын өлүмүнүн себеби расмий ачыктала элек. Туугандарынын айтымында, ал акыркы эки айда дем алуу органдарынын дартынан жабыркап, 20 килограммга арыктап кеткен.

Исхок Табаровдун эки уулу камакта. Алар конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган жана даярдалган кылмыш туурасында маалымдаган эмес деп айыпталууда. Жактоочу уулдарынын камалышын өзүнө жасалган кысым катары сыпаттаган. Саидовдун башка эки жактоочусу - Шухрат Кудратов менен Фахриддин Зокиров да ар кыл шылтоо менен түрмөгө кесилген.

Алардын бардыгы Зайд Саидов “Жаңы Тажикстан” партиясын түзгөндөн кийин бийликтин каарына калгандыгын айтып чыгышкан. Партия расмий катталган эмес. Ал эми экс-министр Саидов бир катар кылмышка айыпталып, 29 жылга абакка отургузулган.

XS
SM
MD
LG