Кыргызстандын Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Толубай Ушбаевдин айтымында, буга чейин тажик чек арачылары автоунааны жалпы текшерүү үчүн 50 сомони алып келген. Эми ар бирин бир саатка чейин кароого алышууда.
Бул арада Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине даттанган 25 айдоочунун тизмеси чек арачылардын колуна тийип калган. «Чек арачылар бул тизмени айдоочуларга көрсөтүп, буга жооп бересиңер деп коркутуп жатышат”, - дейт ал.
Бирок аталган тозоттун жетекчиси кыргыз айдоочуларынын айыптоолорун четке кагып, чек арачылар мыйзам чегинде иштеп жатышканын айтууда. Эч кандай тизме жоктугун билдирди. Ал маалымдагандай, автоунаалар чек арада төрт мамлекетттик органдын текшерүүсүнө кабылат.
Буга чейин Тажикстандын Чек ара аскерлери башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев “Карамык” тозотунда акча талап кылган учурлар бар экендигин мойнуна алган. Бирок унаалардын чек арада жыйылып калуусу “техникалык” маселелерге жана жаңы бирдиктүү маалымат системасын киргизүүгө байланыштуу экендигин айткан.