Обаманын пикиринде, ооган тектүү АКШ жараны Омар Матин экстремисттердин таасири алдында болушу ыктымал. Бирок ал кылмышты өзү жалгыз жүзөгө ашырдыбы же кимдир бирөөдөн нускоо алдыбы, так айтуу кыйын.
Дүйшөмбү күнү АКШ президенти клубда ок чыгарган Омар Матин интернеттеги экстремисттик тексттердин таасири алдында болушу мүмкүн экендигин айткан. Матин 911 кызматынын операторуна чалып, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна ыктай тургандыгын билдирген болчу.
Матин кол салгандан үч саат өткөндөн кийин тартип сакчылары тарабынан атып өлтүрүлгөн.
Буга чейин “Ислам мамлекети” тобу 29 жаштагы америкалыкты өзүнүн “жоокери” деп жарыялаган.