«Достык» лагери биринчи сезондо 140ка жакын окуучуну кабыл алмак. Бирок облустагы террорчулукка каршы операциядан улам бул иш кийинкиге жылдырылган.
— Лагерди 15-июндан тартып ачалы деп жатабыз. Бул жылы балдар 12 күн эс алышат. Лагердин иши тогуз күнгө кечигип башталууда. Демек сезондорунун мөөнөтү да жыла турган болду, — дейт шаардык жаш туристтер станциясынын директору Жасулан Жанайдаров.
Антитеррордук операциядан улам канча окуучунун эс алуусу кийинкиге калтырылгандыгы туурасындагы маалымат берилген жок.