Ссылки доступа

Актөбөдө абал турукташты


Актөбөдө абал турукташты, жергиликтүү күч түзүм өкүлдөрү күндөлүк иш тартибине өттү. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын ИИМ башчысы Калмуханбет Касымов билдирди.

Касымовдун айтымында, 13-июндан тартып укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү токтотуп, атайын бөлүктөр туруктуу иштеген жердерине кайтышты.

Актөбө облусунда 12-июнда террордук коркунучтун “жогорку кызыл” деңгээли “туруктуу сары” көрсөткүчүнө чейин түштү.

Куралдуу кол салууга катышы барлардын саны такталды. Министр билдиргендей, 45 адамдын 25и курал саткан дүкөнгө чабуул жасаган. Актөбө облусундагы окуяны Улуттук коопсуздук комитети жана Башкы прокуратура иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG