Ссылки доступа

Франция бийлиги: Париждеги кол салуу - теракт


Франциянын ички иштер министри Бернар Казенёв полиция кызматкери менен анын аялынын өлүмүн ачык террордук акт катары баалады.

13-июндун кечинде полиция офицерин белгисиз адам бычак менен тогуз жолу сайып өлтүргөн. Андан соң анын жары менен үч жашар баласын туткундап, үйүнө жашынып алган. Тартип сакчынын аялын куткарып калууга мүмкүн болгон эмес. Наристе эсен-соо экени маалымдалды.

Кол салган адам - Ляросси Аббалла убагында теракт уюштурууга катышкан кылмыш тобуна байланышы бар деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал темир тор артында жарым жыл гана отурган.

Буга чейин кол салган адам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна мүчө экендигин жөнүндө маалымат тараган.

Францияда ушул күндөрү футбол боюнча Европа чемпиондугу өтүүдө. Баш калаа Парижде жана башка шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG