Ошондой эле ал аскерлерди “түрдүү деңгээлдеги куралдуу чатактарды жана кризистик абалдарды” чечүүгө даярдоо абзелдигин кошумчалады. Текшерүү 22-июнга чейин уланат.
2014-2015-жылдары Орусия армиясын бир нече ирет күтүүсүз текшерип, машыгуу өткөргөн. Сентябрдагы “Центр-2015” аттуу иш-чараларга 100 миңдей аскер, 7 миң курал-жарак жана техника, 170 самолет жана 20 кеме тартылган.
Окуу-машыгуу Борбордук, Түштүк жана Батыш аскер округдарында да жүргөн. Ушундай маневрлардан кийин Украина бийлиги чек араларына жакын жерде орус аскерлери көбөйгөнүн, Донбасстагы кырдаал курчуганын билдирип келет.
Батыш өлкөлөрү машыгуулардын бат-баттан өткөрүлүп турушуна байланыштуу бир нече жолу тынчсыздануусун билдиришкен.