Ссылки доступа

Касымов: Актөбөдө кол салгандар Сириядан көрсөтмө алган болушу мүмкүн


Касымов Актөбө окуясынын күнөөкөрлөрү чабуулга чейин кандайдыр кайрылуу алышканын билдирди. Көрсөтмө болжолу Сириядан келген.

- Алар батирде чогулганда өздөрүнүн имамынын кайрылуусун угушкан. Анда ал ыйык жихад жарыялагыла, бүгүн баштагыла деп айткан. Албетте, алар даярданышкан. Кайда, кантип барарын билишкен. Имам деп аталганы Сириядан болушу мүмкүн, - деди министр.

Касымов 13-июндан тарта облустагы күчөтүлгөн коопсуздук күзөтү алынып, жергиликтүү тартип сакчылары демейдеги иш тартибине өткөнүн ырастады.

Касымовдун айтымында, 5-июнда курал-жарак дүкөндөрүнө жана аскер бөлүгүнө куралчан кол салгандар саны белгилүү болду. Ага ылайык, 45 адамдын 25и мылтык сатчу дүкөндөргө чабуул коюшкан. Үч аскер кызматкери жана беш жай тургун набыт кеткен. Шектүүлөрдү суракка алуу учурунда маалым болгондой, кол салгандар курал-жарактарга ээлик кылып, мамлекеттик имараттарды басып алуу ниетин көздөгөн.

XS
SM
MD
LG