Ссылки доступа

Казакстанда жер кодексине өзгөртүү киргизүүгө тыюу салуу чечими колдоо тапты


Казакстандын төмөнкү палатасы шаршембиде жер кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү токтотуу боюнча чечимди колдоду.

Бул мыйзам долбоору 2016-жылдын 31-декабрына чейин Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө бөгөт коет.

Агрардык маселелер боюнча комитеттин маалыматына караганда, айыл чарба багытындагы жердерди чет өлкөлүк жарандарга жана юридикалык жактарга берүүнү демилгелеген ченемдер токтойт. Мындан тышкары мамлекеттин карамагындагы айыл чарба жерлерин Казакстан атуулдарынын жана юридикалык жактардын менчигине өтөрүү нормалары дагы токтойт. Документ парламент сенатынын кароосуна жөнөтүлдү.

Жер кодексине 2017-жылга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салуу чечими Казакстан шаарларындагы массалык нааразычылыктардан кийин кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG