Ссылки доступа

Барак Обама Трамптын мусулмандарга карата көз карашын сындады


Кошмо Штаттар менен Европага террордук коркунуч келтирген өлкөлөрдөн мусулмандардын АКШга келишине  тыюу салууга куштар Трамптын көз карашын Барак Обама колдобойт. Президенттин айтмында, мындай идеа америкалык баалуулуктарга карама-каршы келет.

Шейшембиде Барак Обама Республика партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлөрү дээрлик чечилген Дональд Трампка каяша айтты. Трамп күн мурун Обама “радикалдуу ислам” деген сөз айкашты колдонуудан баш тартуу менен америкалыктардын коопсуздугун саясий сыпайычылыктан жогору коет деп билдирген.

"Мен президент болуп турган жети жарым жыл ичинде “радикалдуу ислам” деген сөз айкашын колдонбой эле зарыл болгон стратегиябызды жүргүзүп келе жатабыз. Коркунучту башкача атоо менен эле андан арылуу мүмкүн эмес да", - деп баса белгиледи Обама. Ал Трамптын мындай билдирүүлөрү террорчулардын чырагына май тамызарын айтты.

Обаманын пикиринде, мусулмандарды обочолотуп, бүтүндөй аймак менен согушуп кетчүдөй таасир калтыруу, террорчуларга жардам берүү дегенди билдирет.

Трамптын идеясын Республикачылар конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан да сынга алды. "Мен мусулмандардын кирүүсүнө тыюу салуу өлкөбүздүн кызыкчылыгына төп келет деп ойлобойм. Мындай кадам биз таянган көз караштарды чагылдырбайт”, - деди ал.

Дүйшөмбүдө Дональд Трамп Орландодогу кыргынга байланыштуу сын-пикирлерди жараткан билдирүүлөрдү жасаган.

XS
SM
MD
LG