Өлкөдөгү интернет-провайдерлердин көпчүлүгү анонимайзерлерди жапты. Акыркы мезгилде маалымат агенттиктерине, социалдык түйүндөргө жана видеохостингдерге кирүүгө тоскоолдук жаратуу тажрыйбасы кеңири тараган. Интернет колдонуучулар буга чейин мындай тоскоолдуктан прокси-сервердин жана анонимайзерлердин көмөгү менен өтүп алышчу.
«Анонимайзер» - IP-даректи жашырууга көмөк көрсөтөт. Ал бөгөт коюлган сайттарга кирүүгө мүмкүндүк берген техникалык каражат.
Азыркы тапта өлкөдө «Азия-Плюс», “Азаттыктын” тажик кызматы жана «Озодагон» ММКларынын сайттарына кирүүгө мүмкүн эмес.