Ссылки доступа

Сириядагы Орусия аскерлери жөнүндө макала жазган блогер камалды


Алексей Кунгуров
Алексей Кунгуров

Тюмендик блогер Алексей Кунгуров терррорчулукка чакырык жасаган делинип шаршенби күнү камакка алынды. Буга байланыштуу соттук иш 19-августа каралат.

Калемгерди камоо өтүнүчүн Федералдык коопсуздук кызматы берген. Буга блогердин Сирияда согушуп жүргөн Орусиянын аскердик күчтөрү туурасында жазгандары себеп болгон.

Блогердин аялы маалымдагандай, Кунгуров күзгө чейин камалмай болду. Футбол боюнча Европа чемпиондугу өтүп жаткандыгына байланыштуу баш коргоо чарасын караган соттук жараянга эч ким келген эмес. Бирок отурум туурасында көпчүлүгү кабардар болчу.

Кунгуровду тинтүү жана камоо иштери ушул жылдын мартында ачыкка чыккан. Ал орусиялык журналдын бирине террорчулукка үгүттөгөн макала жазган делинип айыпталган. Башында аны эч жакка кетпөө арызы менен үй камагында калтырышкан. Бирок азыр сот баш коргоо чарасын өзгөрттү.

XS
SM
MD
LG