Ссылки доступа

Президент Назарбаев Санкт-Петербургга келди


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн Санкт-Петербургга келди. Анын басма сөз кызматы кабарлагандай, иш сапарынын алкагында Назарбаев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ал Орусия президенти Владимир Путин жана бул өлкөнүн бизнес өкүлдөрү менен жолугушары күтүлүүдө. Бул Назарбаевдин 5-июнда Актөбөдө болгон куралдуу кол салуудан кийинки Орусияга алгачкы расмий сапары болуп саналат. Аталган теракт учурунда беш жай тургун жана үч жоокер курман болгону маалым.

XS
SM
MD
LG