Ссылки доступа

Бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында Чечен парламенти өзүн-өзү таркатты


Чеченстан парламенти өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында социалдык түйүндөгү баракчасына республиканын башчысы Рамзан Кадыров жазды.

Кезектеги шайлоо 2018-жылы өтүшү керек болчу. Эми Чеченстандын башчы менен парламентти шайлоо өнөктүгү бир датага – 2016-жылдын сентябрына белгиленди. Кадыров белгилегендей, мындай кадамга мыйзам чыгаруучулар бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында барышты. Республикада парламенттик шайлоо 2018-жылдын сентябрында болмок.

Азыркы парламент 2013-жылдын сентябрында беш жылдык мөөнөткө шайланган. Демек, депутаттардын ыйгарым укуктары эки жылдан кийин бүтмөк. Чечен парламенти ушуну менен экинчи жолу өзүн-өзү таркатып жатат. Жаңы Конституция кабыл алынды деген жүйө менен 2008-жылы дагы ушундай эле көрүнүш болгон.

Парламенттин спикери Дукуваха Абдурахманов кайтыш болгондон кийин анын ордуна 2015-жылдын июнь айында Магомед Даудов дайындалган.

XS
SM
MD
LG