Ссылки доступа

Путин: АКШнын Асаддын отставкасын талап кылуусу - ишке ашкыс максат


CNN компаниясына берген маегинде Путин Сирия президенти Башар Асаддын токтоосуз отставкага кетишинин зарылдыгы жок экендигин айтты. Анын пикиринде, Сириядагы демократияны жаңы конституция кабыл алып, шайлоо өткөрүү аркылуу гана сактап калса болот.

Путин жаңжалга тиешеси бар бардык тараптарды сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, орток пикирге келүүгө чакырды.

Маек учурунда ал АКШдагы президенттик шайлоо туурасындагы суроолорго да жооп берди. Путин америкалыктар шайлаган президент менен иштешүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Ошондой эле Трамптын Орусия менен АКШнын ортосундагы толук кандуу мамилелерди калыбына келтирүү убадасын баалай тургандыгын айтты.

Ал эми Демократиялык партиянын талапкери болушу ыктымал Хилари Клинтон туурасында сөз кылган Путин аны менен буга чейин түздөн-түз иштешип көрбөгөндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG